www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда,

- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

- Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;

- Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Айдоочулардын эсине:

Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар. Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости