www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азая баштаганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жумада оорунун 34 учуру катталган, дарыгерлерге 34 бала, 5 чоң киши кайрылганы айтылды. Бул андан мурунку аптага караганда 46 учурга аз.

Жалпы республика боюнча жыл башынан бери кызамыктын 1 982 учуру катталган, анын 147си чоң киши, 1 835и балдар (төрт жашка чейин бейтаптар кабылган 1 554 учур).

Ооругандардын көбү Ош облусунда (635), Бишкекте (485) жана Ош шаарында (296). Эң азы Нарында (7) катталды.

Буга чейин министрлик жыл башынан бери кызамыктан эки бала чарчап калганын, экөө тең эмдөөдөн өтпөгөнүн кабарлаган.

Кызамык — инфекциялык жугуштуу оору. Атайын дарылоо ыкмасы жок, эмдөө менен алдын алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости