www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын январында 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпы 0,8 пайызды түздү.

Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, мында тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 1,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 0,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга – 0,5 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине – 0,7 пайызга жогорулаганы белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды.

Мында баалардын эң жогорку өсүшү (1,3 пайызга) Баткен облусунда катталды, бул калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин жогорулашынын (2,6 пайызга) эсебинен, ал эми тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын жогорулашы (1,4 пайызга) Бишкек шаарында катталды. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң жогорку өсүшү (1,2 пайызга) Жалал-Абаб облусунда катталды.

Последние новости