www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2026-жылы өлкө боюнча 760 чакырым заманбап СИП кабелдерин тартат.

Алсак:

Бишкек шаары - 42,8 чакырым;

Чүй облусу - 125,2 чакырым;

Талас облусу - 71,1 чакырым;

Жалал-Абад облусу – 213,5 чакырым;

Баткен облусу – 59,3 чакырым;

Нарын облусу – 66,5 чакырым;

Ош облусу – 134,6 чакырым;

Ысык-Көл облусу - 46,9 чакырым.

Бул иштер капиталдык курулуш иштеринин жана туура тарифтик саясаттын жүргүзүлүшүнүн алкагында ишке ашырылууда.

Эске сала кетсек, 2025-жылы өлкө боюнча 666 чакырым СИП кабелдери тартылган.

Заманбап СИП кабелдерин энергетика тармагында колдонуу керектөөчүлөрдү келе жаткан күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга, мүмкүн болгон авариялык кырдаалдарды алдын алуу шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Маалымат үчүн:

СИП кабели табигый терс факторлорго туруктуу келет. Катуу шамалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына жол бербейт. Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна жана муздун тоңуп калышына аз дуушар болуп, электр тармагынын ишенимдүүлүгүн бир топ жогорулатат.

Последние новости