www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарынын вице-мэри Нурлан Момбеков шаардагы муниципалдык кызматтардын ишмердүүлүгү, алардын материалдык-техникалык базасы жана 2026-жылга пландалган иштердин даярдык деңгээли менен жеринде кеңири таанышып чыкты. Бул иш сапар шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана аткарылып жаткан иштердин сапатын жогорулатуу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп калды.
Алгач вице-мэр жол чарба ишканасында болуп, бул тармактагы жаңыланууларга өзгөчө көңүл бурду. Быйыл ишканага заманбап таш талкалоочу завод алынып, учурда аны чогултуу иштери активдүү жүрүп жатат. Аталган жабдуу ишке кирсе, жол курулуш иштеринин сапаты жогорулап, материалдык камсыздоо кыйла жакшырмакчы. Мындан тышкары, мурда ишке кирген асфальт чыгаруучу заводун быйылкы сезонго даярдоо иштери жүрүп, шаарды сапаттуу асфальт менен камсыздоону баштайт. Вице-мэр бул багыттагы иштерди кечиктирбестен, ыкчам жана жогорку деңгээлде уюштурууну тапшырды.
Андан соң муниципалдык жашылдандыруу ишканасына барып, шаарды көрктөндүрүү боюнча быйылкы масштабдуу пландар менен таанышты. Анын алкагында Каракол шаарынын көчөлөрүнө, парктарга жана коомдук жайларга 110 миңден ашуун гүл отургузулат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп болуп, шаарга өзгөчө көрк берип, тургундар үчүн жагымдуу экологиялык чөйрө түзүүгө өбөлгө болот. Көрктөндүрүү иштери 25-апрелден 25-майга чейин жүргүзүлүп, шаарга жазгы жаңы дем бермекчи.
Иш сапар шаардык суу түтүк ишканасында уланды. Бул жерде учурда ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, шаарды туруктуу суу менен камсыз кылуу жана инженердик тармактарды жаңылоо боюнча олуттуу иштер жүрүп жатканы белгиленди. Быйыл шаар ичинде 100 чакырымга жакын жаңы жол куруу пландалууда. Ушуга байланыштуу жаңы жолдор салына электе таза суу жана саркынды суу түтүктөрүн алдын ала орнотуу иштери жүргүзүлөт. Бул чечим келечекте жаңы салынган жолдорду кайра бузуп казбоого шарт түзүп, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жана иштердин натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет.
Жалпысынан, вице-мэр Нурлан Момбеков жүргүзүлүп жаткан иштердин ар бир этабына өзгөчө көңүл буруп, алардын сапаттуу, өз убагында жана жоопкерчиликтүү аткарылышы шаарды өнүктүрүүнүн негизги кепилдиги экенин баса белгиледи. Караколдо башталган бул иштер шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, шаарга жаңы өң, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келери шексиз.