www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте коомдук транспортто накталай акча менен төлөөнү толугу менен токтотуу демилгеси талкуу жаратты. Шаар мэри Айбек Жунушалиев 1-июлдан тарта автобустарда жол кире электрондук төлөмгө гана өтөрүн билдирген. Анын айтымында, накталай төлөмдү алып салуу транспорттук системаны ачык жана тартиптүү кылууга багытталган.
Бирок бул демилге Жогорку Кеңеште сынга алынды. Депутат Дастан Бекешев накталай төлөмдү таптакыр тыюу салуу туура эмес экенин белгилеп, бул кадам айрым жарандардын укуктарын чектей турганын айтты. Анын айтымында, пенсионерлер, окуучулар, банк картасы же смартфону жок адамдар, ошондой эле чет өлкөлүктөр электрондук төлөмгө өтүүдө кыйынчылыкка туш болушарын белгиледи.
Депутат ошондой эле накталай акчаны четке кагуу мыйзамдык маселелерди жаратарын жана айрым учурларда коррупциялык тобокелдиктерди да күчөтүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал мэриянын төлөм системасын санариптештирүү аракетин колдой турганын, бирок накталай төлөмдү толук жоюу шашылыш чечим экенин айтты.
Азыркы тапта Бишкекте коомдук транспортто жол кире накталай эмес төлөнсө 17 сом, накталай төлөнсө 20 сомду түзөт.