www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фискалдык органдар тутумундагы туруктуу коррупциялык схемаларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин району боюнча салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактылары аныкталган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен кылмыштуу келишимге кирип, мамлекеттик милдеттүү салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерин иштеп чыгышкан.

343-берененин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы «А.Т.Т.»га акча каражаттарын өткөрүп берүүнүн бир топ фактылары аныкталган. 

Мындан тышкары, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору «Ж.Д.»нын берген көрсөтмөсүнө ылайык «A.T.T.» тарабынан мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн «Т» ЖЧКнын өкүлдөрүнөн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алынган. 

Жыйынтыгында «А.Т.Т.» кармалып, КР КЖПК 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда салык кызматынын тутумундагы коррупциялык схеманы жоюуга, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар уланууда.

Последние новости