www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-майда милицияга Бишкек шаарындагы «Алтынай» кафесинде Ленин округундагы Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого карата добуш сатып алуу болуп жатканы тууралуу кабарланган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, бул факт боюнча 5 адам сурак берип жатат.

«Кафеде 3 аял бар болчу, ошондой эле талапкерлердин биринин буклеттери табылган. Бардык буклеттер алынды, тинтүү иштери жүрдү. Азыр тергөө амалдары башталды. Эгер мыйзам бузуу далилденсе, мыйзам чегинде жаза берилет. Учурда 3 аял, официант жана кафенин ээси суракта», - деди Макилов. Толук маалымат кийинчерээк берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости