www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунда авиабилет сатам деп жарандарды алдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдириди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында жашаган 25 жаштагы А.Х. Раззаков шаарындагы авиакассада иштеп жүрүп, жарандардын ишенимине кирип, авиабилет алып берем деп акча каражаттарын өзүнүн банктык картасына котортуп алып жүргөн.
Аталган факты боюнча милицияга жалпысынан 13 жаран арыз менен кайрылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү арыздануучуларга болжол менен 1,5 миллион сомго жакын материалдык зыян келтиргени аныкталган.
Бул факт боюнча Лейлек РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Облус аймагында жүргүзүлүп жаткан "Алдамчы" иш-чарасынын алкагында шектүү жаран Раззаков шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.