www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын жаңы Жогорку лидери Можтаба Хаменеи жаракат алганы тастыкталганын Ирандагы расмий булак Reuters агенттигине билдирген.

Маалыматка караганда, ал жеңил жаракат алганына карабастан, өз милдеттерин аткарууну улантып жатат. Бирок расмий өкүл Хаменеи качан жана кандай шартта жаракат алганын тактаган эмес.
Айрым маалымат каражаттары, анын ичинде Al Jazeera жана The New York Times, Хаменеи бутунан жаракат алганын, бирок эсин жоготпогонун жана азыр коопсуз, бекемделген жайда жашырынып жатканын жазышууда.

Эске салсак, Можтаба Хаменеи 2026-жылдын 28-февралында согуштун биринчи күнүндө каза болгон атасы Али Хаменейинин ордуна Ирандын Жогорку лидери болуп шайланган. Ал 8-мартта расмий кызматка киришкени менен азырынча иран элине кайрылуу жасай элек.

Последние новости