www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИбге Р.У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Себеби, 2026-жылдын 8-февралында белгисиз адам «Lalafo» тиркемесине батирди ижарага берүү жөнүндө жарыя жайгаштырып, арыз ээсинин ишенимине кирип, алдоо жолу менен, депозит төлөө шылтоосу аркылуу 12 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган. Көрсөтүлгөн акча каражаты «Bionex» төлөм системасы аркылуу которулган. Андан соң байланышка чыкпай, өз милдеттенмелерин аткарган эмес.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган С.Ч., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.