www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөт башчысына Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул ишти Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тергеп жатат.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Дөкөев Руслан айыл өкмөтүнүн башчылыгына келээр алдында, өзү мүчө болгон дыйкан чарбасынын башчысы болуп «беш жылдан ашык иштеген» деп жаздырып алган. Бул жана башка документтерди Дөкөев ушул жылдын 8-июнунда айыл өкмөттүн башчылыгына талапкерлигин көрсөтүш үчүн Ат-Башы районунун аймактык шайлоо комиссиясына өткөргөн. Натыйжада ал Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
Ат-Башы райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча жасалма документ жасаганы далилденсе, Дөкөев мыйзамга ылайык үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Булак: "Кыргыз Туусу"