www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетет (УКМК) коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн ачылган атайын эсепке 20,4 млн. сом которду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Атайын кызмат кайтарылган каражаттар кайсы фактылар боюнча жана кимдерден өндүрүлгөнүн ачыкка чыгарган жок. Эсеп ачылгандан бери аталган комитет жалпысынан 129,6 млн. сом төккөн.
Финансы министрлигинин карамагындагы борбордук казыналыктын 2018-жылдын 24-июлуна карата берген маалыматына караганда, бирдиктүү депозиттик эсепке 169 миллион 314 миң 359 сом келип түшкөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин алдында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек. Бул акча өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт.
Булак: NazarNews.kg