www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык мигранттар жумуштарына кайты баштады. Алар жаңы жылдык эс алуу учурунда мекенине кетип, эми кайра ишине кайтып жаткандар. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 18-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ибраимжановдун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда Кытайдын беш миң жараны жүрөт.

"Кытайлык мигранттардын саны жалпысынан 8-9 миңге жетет. Алар негизинен жол куруу жана тоо-кен ишканаларында иштешет", - деди Ибраимжанов.

Коронавирус илдети чыккан Кытай менен чек ара январдын аягында жаңы жылдык майрамга карата жабылган. Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматы эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттер Кытайда вируска байланыштуу абал турукташмайынча ачылбай турганын билдирген.

Кыргызстан жылына 13 миңге чукул чет элдик жаранга өлкө ичинде иштөөгө квота берсе, анын 85 пайызын кытай жарандары колдонот.

Булак: NazarNewws.kg

Последние новости