www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, Кыргызстандан барган казакстандыктардан коронавирус аныкталганы жана башка жагдайлар боюнча маалымат берүүнү сурады. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

Муну министрлик Кыргызстандын аймагында алар менен байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо максаты менен байланыштырды. ТИМ тараткан маалыматка караганда мындай кайрылууга кошуна өлкөнүн айрым маалымат каражаттарында Кыргызстандан барган казакстандык жарандардан коронавирус аныкталып жаткандыгы тууралуу маалыматтар негиз болгон.

27-мартка карата Кыргызстанда COVID -19 инфекциясы жуккан 58 киши катталды. Алардын ичинен: Бишкекте - 4, Жалал-Абад облусунда - 27, Ош облусунда - 26, Баткен облусунда - 1 киши катталган.

«Жалпысынан Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал туруктуу» деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости