www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жана Чүй облусунда социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасынын максималдуу чеги жаңыланганын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, үч азыктын баасы көтөрүлдү. Нандын бир килограммы 39 сомдон 40 сомго чейин, кумшекердики 40 сомдон 43 сомго чейин жана картошка 25 сомдон 40 сомго дейре жогорулаганы айтылды.

Ушул жылдын 4-апрелине карата азык-түлүктүн баасынын максималдуу чеги төмөнкүдөй (бир килограмм/литр үчүн):

  • ун — 30,5 сом (биринчи сорт), экинчи сорт үчүн 23 сом;
  • жергиликтүү өндүрүштөгү сүт — 50 сом (майлуулугу 2,5 пайыз);
  • күн карама майы — 90 сом;
  • жууган май — 350 сом (Чүй облусунун азыгы) жана 410 сом (Талас облусунун азыгы);
  • эт: уйдуку жана койдуку — 360 сом, чочконуку — 290;
  • кумшекер — 43 сом;
  • макарон — 50 сом;
  • тооктун жумурткасы — 80 сом (10 даанасы);
  • картошка — 40 сом;
  • күрүч: жергиликтүү — 85 сом, импорттук — 90 сом.

Баалар дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калктын социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен жеткиликтүү камсыздалышы үчүн жөнгө салынууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости