www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Кытайга, АКШ Кыргызстанга жардам көрсөтүүдө

Кыргызстанга АКШ өкмөтү  коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн техникалык жардам көрсөтөт.  Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүктүн ичинде коргоочу каражаттар (операциялык маскалар, "N95" атайын маскалары, экзамендик кол каптар, коргоочу халаттар менен көз айнектер, ошондой эле дезинфекциялык каражаттар) бар.

Муну менен катар,  АКШ өкмөтү коронавирустун жайылып кетпеши үчүн кызматташтыктын башка түрлөрү боюнча сүйлөшүп, дайыма байланышта болуп турарын айткан.

Эске сала кетсек, каптап жаткан коронавируска байланыштуу Кыргызстан Кытайга жети тоннанын тегерегинде гумжардам жөнөткөн. Антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар, медициналык бет каптар жүктөлгөн машина “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, Кытай тарапка өткөрүлүп берилген. Жүк кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости