www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык "Чек арасыз репортёлор" укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет. Бул тууралуу супер.кж порталы жазып чыкты.

Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы, 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.

ЕАЭБ боюнча карасак:

● Армения - 61;
● Кыргыз Республикасы - 83;
● Орусия - 149;
● Беларусь - 153;
● Казахстан - 158.

Ал эми коңшу жайгашкан өлкөлөрдү алсак:

● Өзбекстан - 160;
● Тажикстан - 161;
● Кытай - 177.

Рейтингде алдыңкы үчилтикти түзгөн өлкөлөр:

● Норвегия;
● Финляндия;
● Швеция.

Эң төмөнкү үчилтикте:

● Эритрея;
● Түндүк Корея;
● Түркмөнстан.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевдин президенттик башкаруусунун акыркы жылында ага чейинки жылдарга салыштырмалуу сөз эркиндигине карата басым күчөгөн.

 

Последние новости