www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убакта көпчүлүк элдин эрмеги ажобуз С.Жээнбеков менен экс ажобуз А.Атамбаевдин тиреши экендигин жашырып деле болбой калды окшойт. Билгени деле, билбегени деле бул тиреш боюнча өз жоромолдорун айтышып, көздөрү ачык эксперт болуп, төлгө таштарын төп келтире албай турган чактары.
Өткөндөгү өзүнүн менчик “Апрель” телеканалы аркылуу берген интервьюсунда А.Атамбаевдин ызага буулугуп, жанындай көргөн жан-жөөкөрлөрүнүн сатып кеткендигин, өзүнүн канчалык Кыргызстанда бай адам экендигинин тегерегинде гана “жаман катын кошокчу” демекчи, арманын төгүп-төгүп алды окшойт.
Муну уккан, ошол эле убагында А.Атамбаевдин көзүнүн кареги менен тең айланып, этегине намаз окуп жүргөндөр аны ЖМКлар аркылуу тепкилеп эле жатып калышты.
Мындайда кээ бир “обон” депутаттарга кудай бербеспи...Күндүз чырак менен издеп таба албаган депутаттарыбыз кезекке турушуп А.Атамбаевдин айткандарын талкуулап, пикирлерин айтышып экс ажону жерден алып көргө, көрдөн алып жерге салышып, ай бир моокумдары канганча сайрап алышты. Ошол “булбул” депутаттар 2010-жылдан 2017-жылга чейин кайда болушту экен?! Мейли эми, ар кимдин өз абийирине койдук.
А.Атамбаевдин ажо болуп тургандагы кетирген кечирилгис кемчиликтерин, бир нече бейнеде караса болчудай.Ошолордун бири болуп, жыйырма жыл жанында А.Атамбаевдин кылык-жоруктарын, жүрүм-турумун, дегеле анын өмүрдөгү “өнөрлөрүн” билип, көрүп жүргөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн опол тоодой күнөөлөрү бар экендигин биринин дагы эрки жетип моюндарына ала алышпады.
Кадр маселесине келгенде, А.Атамбаев көчөдөн шайтанды ээрчитип келип кызмат берип жатса дагы, 120 депутаттын он чакты депутатынан башкасы, “Хоп,майли!” деп орундарынан тура калышып колдоп берип турушту.
Азыр камакта отурушкан С.Исаков, К.Кулматов, О.Артыкбаев, А.Калиев, А.Ибраимовдордун жанында болбоду эле дегенде, 80,90 Жогорку Кеңештин депутаттары чогуу отуруулары керек болчу. Бул эргулдарыбыздын “эрдиктерине” дал ушул депутаттар жол ачып беришпеди беле?! Ошол эле С.Исаковду апендинин кызындай макташып, бир ооздон колдошуп, Кыргызстандагы эң чоң кызматка шайлап алып, көп өтпөй аба ырайынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир ооздон жайлап беришти. Азыр А.Атамбаевди сагызгандай сайрап жамандап жатышкан депутаттарыбыздын бир тобу И.Илмияновдун кабылдоосун күтүп, кабылдамасында саргайып кезек күтүп отурушкандарын арабызда көргөндөрдүн көздөрү тирүү эле го...
А.Атамбаевдин кадр маселесинин ашмалтайын чыгарып, өз билген боткосун чалып жатканда унчукпай койгонду кой, аны тура калып эки колдоп колдошкон депутаттардын ар-уяттарын, принциптерин, дегеле адамдык касиеттерин кайда ката алабыз?!
Ал эми күч органдарына келсек, ошол эле Атамбаевдин оозунан чыга элек жатып, “не удобныйларды” тырпыратып баса калып, уруп, согуп кылбаганын кылды кылып, камап жаткан күч органдарынын чоң билек жигиттери, алардын күнөөлөрү териштирилбей жатып, түнкү саат он бир, он экиге чейин сот отурумдарын өткөзүшүп, соттоп жиберген соттор “сорттолбой” эле, азыр деле ошол өз өнөрлөрүн өркүндөтүп жатышкандарын кайда ката алабыз?!
Кадр маселесине келгенде деле, азыркы ажобуз С.Жээнбековдун кээ бир кадамдары эл колдоосуна ээ болбой тургандыгы анык. Сөзүбүз кур болбос үчүн бир эле мисал келтире кетели.
Убагында Атамбаевдин “асыранды” баласы атка конгон, өкүл баласы Айбек Асранкуловду ажобуз өзүнө кеңешчи кылып алгандыгын айтсак эле жетчүдөй болуп турат. Ажобуз С.Жээнбеков өзүнүн өкүл атасы айткандай, бул “балашкадан” кандай пайдалуу кеңеш күтүп жатат болду экен?! Беш адамды башкара албаган, бир дагы бийлик тепкичтерин басып өтпөгөн “балашканы” эң чоң Чүй облусуна губернатор, министр, депутат кылганда депутаттарыбыз баш болуп унчуккан эмеспиз. Баса,ошол кеңеши жок кеңешчибиз өткөндө өзүнүн кичи мекени Панфилов районуна барып “Калиста” ресторанына жүздөгөн санаалаштарын чакырып, “Шайлоодо мени уят кылбай С.Жээнбековду колдоп бердиңер” деп атактуу ырчы-чоорчулардын коштоосунда сый тамак берип кетиптир. “Эки, үч жыл иштебей отурган өкүл бала өткөргөн “сый тамагына” каражатты кайдан алды болду экен?”деген суроолордун аягы түгөнчүдөй эмес. Эл оозунда элек жок дегендей, бул иш-чара ажобуздун бир тууганы А. Жээнбековдун схемаларынын бири дегендер деле жок эмес. Мындай иш-чараларды укканда баягы эле А.Атамбаевдин элди алдап, өзүнө каратып алуу методдору эсиңе түшпөй койбойт экен. Эң эле кейиштүүсү,аткаруучулар ошол эле А.Атамбаевдин аткаруучулары болуп жатпайбы, кашайгырдыкы...Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков агабыз айткандай: “Адам баласы өткөндөн сабак албаса, турмуш аны кайра-кайра жазалайт”...
Ал эми А.Атамбаевдин жеке менчик партиясы аталган КСДПнын акыбалы метастаза берип, жайылып бара жаткан онкологиялык ооруну элестетет. Каратып туруп А.Атамбаевди сатып кеткен күн чыккан жердин күкүктөрүндөй, куйруктарын шыйпаңдатып, күнүгө бир эрге тийген жалап катындардын элестерин калтырган КСДПнын А.Атамбаев ишенген мүчөлөрүн, анын ичинде Жогорку Кеңештеги КСДПнын депутаттары эртең С. Жээнбековду деле ойлонбой туруп сатып кете тургандыктарын бөркүбүздөй көрүшүбүз керек. “Төшөк жаңыртып” көнүп калышкан бул депутат сөрөйлөрүбүздүн бул кылык-жоруктары, айыкпас дарт экендигин биз ишеним артып отурган ажобуз С.Жээнбеков эсинен чыгарбаса деген эле тилек.
Азыркы “Атамбаевди атыш, камаш керек!” дегендердин көпчүлүгү жеке таарынычтардан чыгып жаткандыгы көрүнүп эле турбайбы. Ошол эле “КСДП Атамбаевсиз!” деп кыйкырып жүргөн С.Абдрахманов, 8-апрель 2010-жылы борбордук аянтта А.Атамбаев алтын шилекейин чачыратып, сөгүнүп-сагынып, анын жибин эше албаган, атактуу эл сыйлаган генерал Ө.Суваналиевди “Ал Катани эмес ал кө....и” деп борбордук аянтта калың элдин алдында мазактап сүйлөп жатканда, жанында оозу эки кулагына жетип, ошол эле Сагынбек Абдрахманов кол чаап коштоп турбады беле?! Ошол эле жердешинин аркасында Чүйгө губернатор, “Кыргызалтынга” орунбасар болбоду беле?! Ошондо жердешинин кылык жоруктарын, иштөө методун, өзүм билемдигин, алдым-жуттум, түшкө чейин “иман”, түштөн кийин “Иван” экендигин билген жок беле?! Билген, сопсонун билген. Жөн эле ич күптүүлүгүн чыгарып алууну көздөп жердешинин азыркы акыбалын пайдаланып,кыйкырып жүргөнү сырттан караган адамга ташка тамга баскандай эле көрүнүп турат. “Атың чыкпаса, жер өрттө же карвалол ич!” методунда жүргөн С.Абдрахмановдун кылгандары ага аброй деле алып келбесе керек. “КСДП Атамбаевсиз!” деген чакырыкты КСДПнын өткөн чакырылыштагы депутаты, жумурай журт сыйлагангенерал Исмаил Исаков Жогорку кеңештин бийик трибунасынан Атамбаев бийликтин “кайфына” кирип турган учурда анын жүргүзгөн саясатына ачыктан ачык каршы чыккан жеазыркы Жогорку Кеңештин эл сыйлаган депутаты Жанар Акаевге окшогондор көтөрүп чыгышча,сонун жарашмак жана эл дагы жапа тырмак колдоп бермек.
Орус туугандар айткандай: “По щучьему велению, по моему хотению”, деп бир күнү эле эртең менен депутаттар адаттарынча кечигип жумуштарына барып калса, ажонун кабинетинде А.Атамбаев ажо болуп отуруп калса...Азыркы аны сатып кеткендердин акыбалдары кандай болот болду экен, ыя?!
Баарынан кызыгы эки жыл мурда Атамбаевди “журт атасы” атаган Иса Өмүркуловдун, “Мени спикерликтен түшүрө көрбөгүлө!” деп айына алты жолу, жумасына жети жолу экс-ажонун эшигин аңдып кире албай жүргөн Чыныбай Турсунбековдун кебете-кепшиктерин чиркин, ошондо бир көрсөк...
Ооба, Атамбаев алты жылда өлкөдө болуп көрбөгөндөй коррупция схемаларынын жаңы түрлөрүн ишке ашырды. Ооба, жинди сууга жинигип алып ойду-тоону сүйлөп, коңшу өлкөлөр менен карым-катынашты аябагандай оор чыңалууга алып келди. Ооба, каршы чыккан каршылаштарынын баарын каматып тынды. Ооба, Кыргызстаныбызды жалаң “шопурлар”, “секретаршалар”, “жансакчылар” башкарып турду. Ошондо 120 депутаттын он чактысынан башкасы кайсы жакты карап отурушту болду экен?! Азыр Атамбаевди “Камаш керек, мүлкүн текшериш керек!” деп сайрагандар кайда болушту экен?! Канткенде каныбыздан кошоматтын коюн сойгондукту, күн чыккан жердин күкүгү болгон адатыбызды тазарта алар болдук бекенбиз?! Ай,тазарбай калдык го... Кыргыздын бир алп акыны: “Жизнь деген ар кандай, жинди катын алгандай” деп таамай айткан экен дааа....
Абай Аргынов
Булак: “Параграфф”