www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыя шаарында жарандарга интернет сатуучулук кылам деп алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын декабрь айларында Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн сатуучуларына онлайн үй буюмдарын сатамын деп алардын ишенимине кирип, акчаларына онлайн котортуп алып изин жашырып кеткен жаран боюнча милицияга жалпысынан 6 арыз келип түшкөн. Алардын билдирүүсүндө, 23 жаштагы Т.Б. ишенимине кирип, Кытай Эл Республикасынан автоматтык кир жуучу машина, диван, муздаткычтарды алып келип берем деп убада берип, акчаларын алдын ала котортуп алгандыгын билдиришкен.
Маалыматка ылайык, шектүү алынган акча каражатын жеке муктаждыктарына пайдаланып, жабырлануучуга убадаланган буюмдарды алып келип бербестен изин жашырып кеткен. Натыйжада жабырлануучуларга жалпысынан 200 000 сомдон ашуун өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген.
Жогорудагы арыздар Кызыл-Кыя ШИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү Т.Б. Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.