www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы астында өткөн Республикалык кеңешмеде баяндама жасап, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык тармактын ишинин натыйжалары тууралуу маалымат берди.

Баяндамада төмөнкүлөр белгиленди:

Билим берүү жана адам капиталын өнүктүрүү боюнча:  

-        2025-жылы билим берүү тармагына 75,3 млрд сом бөлүнүп, 2021-жылдагы 40,7 млрд сомго салыштырмалуу каржылоо 85 пайызга көбөйдү.

-        Мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы камтылышы 2021-жылдагы 22 %дан 51%га чейин өстү.

-        2025-жылы 117 мектеп салынып жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, анын ичинен 76сы жаңы объект, 41и капиталдык оңдоодон өткөн мектеп. 

-        Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу массалык түрдө жүргүзүлүп, 41 081 педагогикалык кызматкер окуудан өттү.

-        Кыргызстандын 5 алдыңкы окуу жайы дүйнөнүн мыкты университеттеринин катарына кошулду.

-        Таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүлүп, жаңы муундун адистерин даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын негизинде 52 жаран Дүйнөлүк рейтингдердин алдыңкы 100 жогорку окуу жайларында билим алууда.

Саламаттык сактоо тармагы боюнча: 

-        Саламаттык сактоого багытталган жалпы консолидацияланган бюджетинин  көлөмү 2021-жылдагы 26,3 млрд сомдон 2025-жылы 51,9 млрд сомго чейин көбөйдү.

-        Жыл ичинде 10 саламаттык сактоо объектиси курулуп бүтсө, 2021–2025-жылдары жалпы 21 объект курулду, дагы 32 ири обьектинин курулушу жүрүп жатат. 

-        2025-жылы эле аймактарда иштеген дарыгерлерге кошумча төлөө үчүн республикалык бюджеттен дээрлик 1 миллиард сом бөлүнгөн.

-        2024-жылы 24, жана 2025-жылы 26 трансплантациясы жасалды, анын ичинде бөйрөк, боор жана жилик чучугун алмаштыруу.

-        Кымбат баалуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга бөлүнгөн каражат 2021-жылга караганда 14 эсеге өстү. 

Эмгек менен камсыз болуу, эмгек акылардын өсүшү жана пенсияларды индексациялоо, социалдык контракт боюнча: 

-        Жаңыланган Эмгек кодекси күчүнө кирип, эмгектин жаңы формалары (алыстан иштөө жана аралаш иш режими) киргизилип, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн квоталар белгиленди.

-        2025-жылды орточо айлык номиналдык эмгек акы 44 419 сомду түзүп, 18,9 %га өстү. 

-        «Социалдык контракт» долбоорундагы 100 миң сомдон 150 миң сомго көтөрүлдү.  

-        Толук жетим болуп калган ар бир балага 18 жашка толгондо 500 миң сом өлчөмүндө каражат төлөнүп берилет. Учурда 3 378 баланын эсеби ачылып, 684 млн сом которулду. 

-        Өлкө аймактарында социалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, райондук башкармалыктар үчүн ата мекендик өндүрүштөгү 103 жаңы автотранспорт каражаты берилди. 

Маданият, спорт жана туризм тармагы боюнча: 

-        2025-жылы маданият мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоого 851 млн сом бөлүндү.

-        Жыл ичинде театралдык оюн-зоок мекемелери тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардан алынган атайын каражаттардын көлөмү 155 млн сомду түзүп, рекорддук көрсөткүчтөргө жетти.

-        Жаштар саясатын каржылоо 2021-жылдагы 4 млн сомдон 2025-жылы 50 млн сомго чейин өстү.

-        Спорт тармагына 2021-жылы бюджеттен 953 млн сомго жакын каражат бөлүнсө, 2025-жылы 2,6 млрд сом бөлүнгөн, каржылоо

 2,6 эседен көп өстү.

-        Туризм тармагынын дүң кошумча наркы 74,4 млрд сомду түзүп,  2024-жылга салыштырмалуу 29 %га өстү.

Последние новости