www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу “жигиттерди атайын тузакка түшүргөн” жашы жете элек кыздарды да жоопко тартуу маселесин демилгеледи.
Башкача айтканда, депутат өспүрүмдөр катышкан айрым кылмыш иштеринде атайын уюштурулган жагдайлар болсо, ага катышкан тараптардын жоопкерчилигин мыйзамда так аныктоо зарылдыгын айтты.
Анын айтымында, ата-энелерден мындай иштер боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Депутат айрым учурларда жашы жете элек кыздар жашын туура эмес айтып, жигиттерди атайын жолугушууга чакырып, кийин кылмыш иши козголгон жагдайлар бар экенин белгиледи.
Советбек Рустамбек уулу мындай фактылар далилденсе, окуянын бардык катышуучуларынын аракетине укуктук баа берилүүсүн камсыздай турган мыйзамдык механизм керектигин айтты.
Ошондой эле депутат бул маселени көтөргөн эл өкүлдөрүнүн сөзүн бурмалап тараткандарга да чара көрүү зарылдыгын белгиледи.