www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызамыкты башка оорулардан кантип айырмалоого болот?

Республикалык иммунопрофилактика борборунан кызамыкты башка оорулардан кантип айырмалоого болорун айтып беришти.

Борбордон белгилешкендей, кызамык адегенде дем алуу жолдорун жабыркатып, андан кийин жалпы организмге жайылат. Оорунун белгилери: оорулуунун дене табы көтөрүлөт, жөтөлөт, мурдунан суу агат жана денеге исиркектер жайылат.

Оору сасык тумоого мүнөздүү белгилер менен башталат. Оорулуунун дене табынын көтөрүлүшү – эң айкын белги.

Адам вирусту жуктургандан кийин болжол менен 7-18 күндөн кийин денесинде исиркек пайда болот, адатта, бетке жана моюнга чыгат. Ал болжол менен 3 күндүн ичинде жайылып, акыры кол-бутка жайылат. 5-6 күндөн кийин исиркектин түсү кубарып отуруп, жоголо баштайт.

Кызамык оорусунан улам өлүмдү бул вирус жетелей келген кесепеттер шарттайт.

Кызамык өтүшүп кетсе, сокурдукка, энцефалитке (мээнин шишишине жана өнүгүүсүн бузууга алып келүүчү инфекция), катуу диареяга алып келиши ыктымал, себеби ооруган адамдын каны катып, кулагын инфекция чалып, пневмония күчөп, дем ала албай кыйналат.

Эмдөө кызамыктын оор кесепеттеринен коргойт!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости