www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан атчан келе жаткан этникалык кыргыз кыздары Риза жана Гүлсанат бүгүн Бишкек шаарына келди. Муниципалитеттен билдиришкендей, конокторду "Супара" этно-комплексинде Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов салтанаттуу тосуп алышты.
Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы сапарын Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан атчан башташкан. Алар Кыргызстанга "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирип, андан соң Нарын жана Ысык-Көл облустары аркылуу өтүп, Бишкек шаарына келишти.
Кыздар саякат кыргыз элинин улуттук тамырын, тарыхый байланыштарын жана маданий биримдигин чыңдоого багытталган символикалык демилге катары түшүндүрүшүүдө.