www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу министри Ваң Сяңси “тартипти жана мыйзамды олуттуу бузууга” жана “коррупцияга” айыпталууда. Бул тууралуу Коррупцияга каршы көзөмөл органы билдирди.
Негизи Кытайда иштеп жаткан министрге карата иликтөө жүргүзүлүшү сейрек кездешет. 63 жаштагы Ваң Сяңси 2022-жылдын июль айында министр болуп дайындалган. Ага чейин ал мамлекеттик энергетикалык компаниянын жетекчиси болгон. Сяңси көмүр казуу тармагында бир нече жыл иштеген.
Кытай президенти Си Цзиньпин бийликте турган 14 жыл ичинде мамлекеттик кадрларды тазалоо саясатын жүргүзүп келүүдө. Ал бийлигинин алгачкы жылдарында эле кеңири жайылган коррупция партиянын мыйзамдуулугуна коркунуч жаратарын белгилеген.
Булак: NazarNews