www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел каптап, табигый кырсыктан улам төрт адам каза таап, 10 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашууда.

Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги билдиргендей, кеминде 110 миң адам эвакуацияланып, 25 миң 800дөй киши коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Суу ташкыны Кытайдын калк жыш жайгашкан, тактап айтканда, 127 миллионго жакын адам жашаган провинциясында болгон. Кырсыктан эң көп провинциянын борбору Гуанчжоу, ошондой эле Шаогуань жана Хэюань кичи шаарлары жабыркаган. 40ка жакын үй урап, 50дөй турак жай олуттуу жабыркаган. Бүгүнкү күндө селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 140 млн юандан (19 млн АКШ доллары) ашат деп бааланууда.

Кытайдын метереологиялык кызматтары нөшөрлөгөн жаан Гуандун провинциясында жана Фуцзянь дарыясынын жээк аймактарында жок дегенде шейшембиге чейин уланарын эскертти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости