www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия украин жаңжалында көпчүлүк күткөндөн алда канча эрте жеңишке жетиши мүмкүн. Мындай пикирин Politico басылмасы үчүн жазган макаласында Атлантика кеңешинин (РФ аймагында ишмердүүлүгү зыяндуу деп табылган) алдындагы Стратегия жана коопсуздук борборунун адиси Эндрю Мичт билдирген. 

Анын айтымында, Москва жеңишке ноябрга чейин эле жетиши толук ыктымал.

"Абал барган сайын начарлап жатат, мындан улам Россиянын Украинадагы жеңиши көпчүлүк болжолдогондон эртерээк болушу мүмкүн, керек болсо АКШ президенти Байдендин мөөнөтү бүткөнчө болуп калышы ыктымал", — деген автор.

Эскерте кетсек, Москва сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу билдиргени менен Киев буга мыйзам чегинде тыюу салган. Батыш Россияны сүйлөшүүгө үндөп келет, бирок НАТО Украинанын диалогдон баш тартканын эске албайт. Кремль азырынча тынчтыкка келүүгө эч кандай негиз жок экенин айтып келет, Россия үчүн атайын операциянын максатына жетүү башкы максат бойдон калууда, муну ушу тапта аскердик жол менен гана ишке ашыруу мүмкүн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости