www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош, Жалал-Абад жана Таластагы сел каптаган айылдарда анын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жааган жамгырдан улам сел жүрүп, үйлөрдү, короо-жайларды суу каптап, жол, көпүрө жана башка социалдык инфраструктураларга зыянын тийгизген.
Соңку маалымат:

Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Ноокат, Кара-Кулжа райондорунун бир катар айылдарында сел жүрүп, үйлөрдү суу каптаган. Ош облусунда 22-апрелде Өзгөчө кырдаал режими киргизилип, селдин кесепетин жоюу үчүн 508 адам, 82 техника иштеп жатат.

Жалал-Абад облусунда Бостон айылынан 42 турак жайды, Комсомол айылындагы үйлөрдү суу каптаган. Ошондой эле Бишкек — Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн таң эрте Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймактарын жеринен көрүп, тиешелүү тапшырмаларды койду. Жалал-Абаддагы Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундары эвакуцияланганы айтылган.

Кечээ кечинде Таласта да сел жүргөн. Акыркы маалымат боюнча, Айтматов жана Талас райондорунда сел суулары 252 үйдү, короо-сарайларды, ички чарбалык жолдорду каптаган. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости