www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия үчүн мунай экспортун сактап калуу барган сайын татаалдашып баратат. Акыркы айларда Кытай жана Индия порттору орус мунайын ташыган кеминде 20 танкерди кабыл албай койду. Натыйжада деңизде сатылбай топтолуп турган мунай көлөмү август айынан бери 1,5 эсеге өстү. Бул көрүнүш Москва үчүн экспорттук логистиканын гана эмес, саясий жана санкциялык басымдын да күчөп жатканын көрсөтөт.
Кырдаал АКШ президенти Дональд Трамп Индияга орус мунайын сатып алганы үчүн бажы төлөмдөрүн эки эсе жогорулаткандан кийин ого бетер курчуду. Вашингтон мындай кадамдарды Россиянын согуштук аракеттерин каржылоону чектөөгө багытталганын ачык билдирип келет. Натыйжада Азиядагы негизги кардарлар да тобокелдиктен чочулай баштады.
Ошого карабастан, Россия мунай экспортун кыскарткан жок. 21-декабрга чейинки төрт жумада күнүнө 3,87 млн баррелге жетип, 2023-жылдын май айынан берки эң жогорку көрсөткүч катталды. Бирок бул өсүш суроо-талаптын жанданышы менен эмес, мунай иштетүүчү заводдордун ишинин солгундашы менен байланыштуу. Украинанын соккуларынан улам иштетүү азайып, чийки мунай түз эле танкерлерге жүктөлүп, бирок сатып алуучусуз калууда.
Ошол эле учурда Россия үчүн маанилүү рыноктордун бири болгон Бразилия да орус күйүүчү майынан баш тарта баштады. Трамптын санкцияларынан кийин, анын ичинде «Роснефть» жана «Лукойлго» каршы чаралардан соң, Бразилия орус дизелинин импортун кескин кыскартты. Ноябрда бул көрсөткүч 187 миң тоннага чейин түшүп, акыркы бир жарым жылдагы эң төмөнкү деңгээл катталды. Орус дизелинин ордун АКШдан келген күйүүчү май ээлеп, рыноктун 60 пайызынан ашыгын камтыды.
Мунун баары санкциялар Россиянын мунайын толук токтотпосо да, аны сатуу географиясын тарытып, логистикасын татаалдаштырып жатканын көрсөтөт. Танкерлер деңизде кармалып, ири кардарлар альтернативаларды издеп жаткан шартта, орус энергетикалык экспорту мурдагыдай туруктуу киреше булагы боло алабы деген суроо ачык бойдон калууда.