www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 19-декабрында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинин Медициналык борборуна барып, боор трансплантациясы боюнча жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгы жана бейтаптардын операциядан кийинки абалы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө ведомствонун башчысы профилдик бөлүмдөрдү кыдырып, медициналык кызматкерлер менен баарлашты жана донор менен реципиенттин операциядан кийинки дарылоо процессинин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алды. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, эки бейтап тең туруктуу медициналык көзөмөлдө болуп, абалдары туруктуу деп бааланууда.
Министрге 2025-жылдын 13-декабрында ОшМУнун Медициналык борборунда боор трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлгөнү маалымдалган. Бул операция Кыргыз Республикасынын түштүгүндө алгач ирет аткарылган трансплантация болуп саналат.