www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы коррупциялашкан тармактардын арасында кен байлыктарын иштетүү тармагы да бар болчу. Мында коррупция өндүрүшкө чейин, кендерди иштетүүгө лицензиялар берилип жатканда эле башталчу. Анткени, лицензиялар кенди иштетүүгө эч кандай шарты, инвестициялык, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жок адамдарга, көбүнчөсү бул тармактагы жетекчи кызматтарда иштеген адамдар менен аффилирленген адамдарга болбогон акчага берилип (сатылып) кетчү.
Элдин эсинде болсо керек, 2010-жылы ага чейин тармакты жетектеп келген бир министр кылмыш иши козголгондо, соттолбой калуу үчүн канча сумманы болсо да мамлекетке төлөп берүүгө макул экендигин билдирген. Бул, демек, анда миллиондогон суммадагы каражат бар экендигин далилдеп турбайбы! Ошол эле министрде кендерди иштетүүгө өзүнө жана жакындарына катталган 33 лицензия бар болгондугу аныкталган.
Лицензияга ээ болгон адамдар андан ары лицензияны кармап турганы үчүн төлөмдөрдү төлөп коюу менен көбүнчөсү чет элдик жарандарга (инвесторлорго) кымбат баада кайра сатуу, же бир тыйын жумшабай туруп, келечекте чоң киреше бере турган ишканага биргелешип ээлик кылуу үлүшүн алуу менен алектенишкен.
Жакында эле Жогорку сотто ушундай лицензияны алып алган бир чиновникке карата алдамчылык беренеси боюнча өкүм чыкты. Анда кендерди иштетүүгө лицензияларды берүү менен алектенген министрликтин (геология тармагы бир нече жолу министрлик жана агенттик болуп статусун өзгөрткөн) жооптуу кызматкери кытай жаранына лицензиясын сатуу менен дээрлик миллион доллар алган. Анысы аз келгенсип, ач көздүгү ашынып кетип, лицензиясын тигил инвестордон көп сумманы сунуш кылган экинчи инвесторго кайрадан сатып жиберип жатпайбы. А биринчи инвесторго алган акчасын толук кайтарбай, аны кайтардым деп (бирок, сотто акча кайтарылганы боюнча бир да далилдөөчү документти көрсөтө алган жок) жоопкерчиликтен кутулууга аракет жасады.
Сот, албетте, анын курулай сөзүн эсепке алган жок. Эми алдамчылык беренеси боюнча реалдуу жаза тарта тургандай болуп калды.
Бирок, бизге маанилүүсү - бул тармакта да тартип орноп, элибиздин орду толгус байлыгы болгон кендердин реалдуу инвесторго да, мамлекетибизге да пайда алып келгидей шарттарда иштетилүүсү.
Лицензиялар боюнча акыркы маалыматтарга көз жүгүртсөк, бул тармакта оң жылыш болуп жатканы көрүнүп турат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл Кыргыз геологиялык кызматы 40 объект боюнча жер казынасын (кен байлыктарды) иштетүүгө укукту саткан. Андан түшкөн жалпы сумма баштапкы старттык баадагы 210,6 миң доллардын ордуна 2 миллион 353 миң долларды түзгөн. Башкача айтканда, лицензиялар баштапкы коюлган баадан 11 эсе кымбат сатылган.
Жалпысынан быйылкы жылга 60 объектини сатуу пландаштырылып, жогоруда белгиленгендей, 40 объект сатылган. Дагы 13 объект боюнча инвесторлор тарабынан билдирмелер жок болгондуктан, аукциондор өтпөй калды деп эсептелген.
Эми бул сумма менен мурдагы убактагы лицензияны сатып алууга 1000 сомго жетпеген сумманы (албетте, лицензияны берген мекемедеги жетекчиликке жеке чөнтөгүнө берилген мындан миңдеген эсе көп сумманы кошкондо да) салыштырып болобу? Албетте, жок!