www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-майында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Уругвай Чыгыш Республикасынын Тышкы иштер министри Марио Любеткин, Кубанын Тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья жана Никарагуанын Тышкы иштер министри Вальдрак Людвинг Джентске Уитакер менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы маектештерине өлкөдөгү учурдагы ички саясий абал, акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктер жана өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттары тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле кыргыз тараптын Латын Америкасы жана Кариб деңизинин өлкөлөрү менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи. Бул контекстте саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык алмашууларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү сунуштады.
Көп тараптуу дипломатиянын алкагында Министр жолугушуунун катышуучуларына тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча, анын ичинде 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык Тоо саммитин уюштуруу жана өткөрүү багытында тыгыз кызматташууга чакырды. Климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, уюшкан кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция сыяктуу глобалдык чакырыктарга каршы биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Өз кезегинде маектештер Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле эл аралык актуалдуу чакырыктарды чечүүдө биргелешкен аракеттердин маанисин баса белгилешти.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар диалогду улантуу жана эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУнун алкагында кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашышты.