www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2026-жылдын 1-апрелине карата 9,8 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,7%га өскөнү айтылууда. Маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) статистика департаменти тарабынан берилген.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан карыздын өсүш темпи боюнча эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү. Салыштыруу үчүн: Орусияда мамлекеттик карыз 25%, Казакстанда 15,6%, Арменияда 0,1% өскөн.
Карыздын өсүшүнө негизинен ички карыздын кескин көбөйүшү себеп болгон. Бир жылда ички карыз 2,1 эсеге өсүп, 398,1 млрд сомго (4,6 млрд доллар) жеткен. Ал эми тышкы карыз 458,8 млрд сомду (5,2 млрд доллар) түзгөн.
Ошого карабастан, Кыргызстандын карыз түзүмүндө дагы деле тышкы милдеттенмелер басымдуулук кылат, бирок алардын үлүшү 67%дан 54%га чейин азайган. Ал эми ички карыздын үлүшү 33%дан 46%га өскөн. Башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө болсо негизинен ички карыз басымдуулук кылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи чейрегинде бюджеттин рекорддук профицити — 77,4 млрд сом катталган. Бирок ошол эле учурда өкмөт ички карызды эки эседен ашык көбөйтүп жатат. Улуттук банктын эсептик ченинин 12% болушу бул карыздарды тейлөөнү мамлекет үчүн кымбатка түшүрүшү мүмкүн.