www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы 15–21-март күндөрү Казакстандын Түркестан шаарында өтө турган көкпар боюнча экинчи дүйнө чемпионатына катышпай турган болду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Самат Жумакадыров билдирди.

Маалыматка ылайык, баш тартуунун негизги себеби — уюштуруучулар тарабынан чакыруунун кеч жөнөтүлүшү. Федерация мындай деңгээлдеги эл аралык турнирлерге чакыруу кеминде үч ай мурда, мүмкүн болсо алты ай мурда келиши керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, дал ушул күндөрү Кыргызстанда “Нооруз-2026” аттуу ири улуттук турнир өтөт. Бул мелдеште Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук курама команда тандалат.

Федерациянын билдирүүсүндө, мындай маанилүү учурда өлкөдөгү командалар коңшу мамлекеттеги турнирге өздөрүнүн эң мыкты оюнчуларын жана аттарын жибере албай турганы айтылды.

Көкпар боюнча экинчи дүйнө чемпионаты 15–21-март күндөрү Түркестан шаарында өтөт. Мелдешке 10 өлкөнүн улуттук командалары катышары күтүлүүдө. Турнирдин жалпы байге фонду 30 миллион теңгени түзөт.

Последние новости