www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эл жазуучусу, публицист жана коомдук ишмер, Экинчи даражадагы "Манас" орденинин ээси (2016), "Эмгек Баатыры" даражасынын ээси (2024) Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды.
Маркум 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнө кирген Эчки-Башы айылында төрөлгөн.
Кеңеш Жусупов 1954-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, өтпөй калат. Эки жыл “Коммунизм” колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген.
1956-жылы жат жазууну мыкты жазганынын аркасы менен Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил жана адабият факультетине кабыл алынган.
1958-жылы аңгемеси "Ленинчил жашка" чыккандан тартып прозалык чыгармалары мезгилдүү басма сөздө ырааттуу жарыялана баштаган.
Ал Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук гезитинде, “Кыргызстан” басмасында, “Кыргызфильм” киностудиясындагы сценарий бөлүмүндө түрдүү кызматтарда, “Ала-Тоо” журналында башкы редактор болуп иштеген.
Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен чогуу “Манас” эпосун проза түрүндө жазган.
Проза түрүндө балдар үчүн жазылган “Манас” эпосунун автору.
1991–2012-жылдары “Кыргыздар” аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек Иманалиев менен чогуу 10 томго, 14 томдукка жана 40 томдукка жеткирген.
Залкар жазуучу “Жашоо кумары”, “Ыр сабындагы өмүр”, “Карагайчылар” жана башка чыгармалары менен таанымал.