www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жаш лидерлерди Петербург эл аралык экономикалык форумуна каттоо башталды. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.

Иш-чара 2-9-июнь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтөт. Ага экономика, инвестиция, энергетиканын альтернативасы, шаардык чөйрө, саламаттык сактоо, илим жана башка тармактарда активдүү иш алып баргандар чакырылды. Жаш курагы 25тен 35 жашка чейин болушу шарт. Форум англис тилинде өтөт.

Катышуучулар Росконгресс фонду жана Россотрудничество тарабынан өткөрүлчү Friends for Leadership сессиясына кошулуп, өзүнүн долбоорлорун тартуулап, стратегиялык сессияларга жана расмий жолугушууларга кире алышат.

Кыргызстандын жарандары Россотрудничествонун "Жаңы муун" программасы боюнча тандалып алынат. Ийгиликтүү өткөндөр форумга акысыз катышат, авиабилетин, жашаган жерин, тамак-ашын уюштуруучулар төлөйт.

Бул үчүн 4-апрелге чейин Росконгресстин сайты аркылуу катталуу абзел. Кененирээк маалымат менен да тааныша аласыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости