www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9–16-август күндөрү Ташкент шаарында 38-Эл аралык информатика олимпиадасы (IOI 2026) өтүп, ага 97 өлкөдөн 379 окуучу катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын командасынын төрт мүчөсү тең медаль тагынып, өлкө 100 пайыздык медалдык көрсөткүчкө жетти. Команда эки күмүш жана эки коло медаль жеңди.

Күмүш медалдарга Рамазан Мананов жана Алихан Айдарбеков, коло медалдарга Абдуллахан Абдирасулов жана Ян Бобрус ээ болушту.

Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Бул өлкөнүн IOIге катышуу тарыхындагы эң мыкты командалык жыйынтык болуп калды.

Кыргызстандын командасын Кылычбек Урайымов жана Артем Беляев жетектешти. Окуучуларды даярдоого Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев, Муравьев Вячеслав, Игнатьев Анатолий жана Осмонов Медербек салым кошушту.

Олимпиаданын жыйынтыгы менен кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык аренада өлкөнүн тарыхындагы эң жогорку командалык көрсөткүчтү камсыз кылышты.

Последние новости