www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-августта «Ынтымак Ордодо» Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун жетекчилиги алдында билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча жыйын өттү.
Жыйында мектептер менен бала бакчалардын даярдыгы, педагогдор менен камсыздоо, окуу китептеринин жана керектүү жабдуулардын жеткиликтүүлүгү талкууланды.
Ошондой эле билим берүү объектилеринин курулушунун жүрүшүнө, аларды пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнө жана мектептер менен бала бакчалардагы капиталдык оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду.
Улан Маматкановдун айтымында, жаңы окуу жылында өлкө боюнча мектептерде 1 млн 586 миңден ашык бала билим алат.
Быйыл 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабы ишке ашырылат. Анын алкагында 3- жана 8-класстын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер менен билим ала баштайт.
Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына мектептер менен бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгын өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.