www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын бардык аймактарында уй жана кой этинин баасын турукташтыруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда эттин баасынын мындан ары өсүшүнө объективдүү экономикалык негиздер аныкталган эмес.

Кызмат тарабынан эттин дүң жана чекене бааларына, продукциянын өздүк наркына жана рыноктогу сунуштун абалына талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында эттин максималдуу баалары иштелип чыккан.

Учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте эт рыногунун катышуучулары менен келишим түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Келишимдердин алкагында эттин баасына жана анын жеткиликтүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү, сунушталган баалык багыттарды сактоо, ошондой эле мүмкүн болуучу тартыштыкка же баанын кескин өсүшүнө ыкчам чара көрүү каралган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эт рыногундагы кырдаалды көзөмөлдөөнү улантарын белгиледи.

Последние новости