www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык ырчы Айтурган Эрмекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата коркутуулар болуп жатканын билдирди.

Ал бийлик өкүлдөрүнө жана президент Садыр Жапаровго кайрылып, үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууну өтүндү.

«Урматтуу бийлик өкүлдөрү, мага дагы коркутуулар болуп жатат. Үй-бүлөмдү коргоп бериңиздер», — деп жазган ырчы.

Белгилей кетсек, жакында эле Айтурган Эрмекованын жолдошу каза болгон. Ырчы окуядан кийин социалдык тармактарда бир нече билдирүү жарыялап, жолдошунун өлүмүнө тиешеси бар адамдарды айыптаган. Ошондой эле ал «жолдошумду кыйнашкан, мажбур кылышкан» деген билдирүүлөрдү жазган.

Учурда ырчынын жаңы кайрылуусу коомчулуктун көңүлүн буруп, социалдык тармактарда анын коопсуздугуна тынчсыздануулар айтылууда.

Айтурган Эрмекованын билдирүүсүндө айтылган коркутуулардын жагдайы жана ага байланыштуу тиешелүү органдар тарабынан чара көрүлгөнү тууралуу маалымат азырынча такталган жок.

Последние новости