www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия бийлиги Украинадагы согушту жаңы деңгээлде күчөтүүгө даярданып жатканы айтылууда. Бул тууралуу Bloomberg Кремлге жакын анонимдүү булактарга таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Киевдин борборундагы буталарга баллистикалык ракеталар менен сокку уруу жана Украинанын башка аймактарындагы энергетикалык объектилерди бутага алуу каралышы мүмкүн.
Буга президент Владимир Путиндин сүйлөшүү процесси туңгуюкка кептелди деген бүтүмү себеп болгону айтылат. Москва санкцияларга жана Украина тараптан Орусиянын логистикалык жана мунай инфраструктурасына жасалган соккуларга катуу жооп берүүнү караштырууда.