www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда патент алуу процессин тездетүү жана жөнөкөйлөтүү сунушталууда. «Патент мыйзамына» өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоордун демилгечиси — президент Садыр Жапаров. Документ патент алуу мөөнөттөрүн кыскартууну, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү жана арыз берүүчүлөргө түшкөн административдик жүктү азайтууну көздөйт.

Сунушталган өзгөртүүлөрдүн бири — патент берүү системасын санариптештирүү. Расмий бюллетендин ордуна тиешелүү маалыматтарды электрондук мамлекеттик реестрге жана расмий сайтка жайгаштыруу сунушталууда. Реестрге маалымат киргизилген күн расмий жарыяланган дата катары эсептелет.

Мындан тышкары, экспертиза жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген конкреттүү мөөнөттөрүн алып салып, аларды Министрлер кабинети тарабынан аныктоо сунушталууда.

Ошондой эле өнөр жай үлгүлөрүнө, башкача айтканда буюмдардын дизайнына, маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнү жоюу каралган.

Последние новости