www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көл облусунда УКМК төрагасынын кубогу үчүн жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды.

Мелдешке УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын кызматкерлери катышууда.

Спартакиаданын алкагында эркектер футбол, волейбол, баскетбол жана шахмат боюнча күч сынашат. Футбол боюнча катышуучулар 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку эки категорияга бөлүнөт.

Ал эми аялдар 1000 метрге чуркоо, баскетбол эстафетасы, волейбол жана дартс боюнча мелдештерге катышат.

Спартакиаданын ачылышында УКМК төрагасынын орун басары, генерал-майор А. Эрбаев УКМК төрагасы, генерал-майор М. Асаналиевдин атынан катышуучуларды куттуктап, ийгилик жана жогорку жыйынтыктарды каалады.

Анын айтымында, спорт кызматкерлердин дене тарбия даярдыгын жогорулатуу менен бирге эр жүрөктүк, чечкиндүүлүк, сабырдуулук жана туруктуулук сыяктуу сапаттарды калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.

Спартакиаданын негизги максаты — кызматкерлердин командалык духун чыңдоо, дене тарбия даярдыгын жогорулатуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана улуттук коопсуздук органдарындагы спорттук салттарды өнүктүрүү.

Последние новости