www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети Алмаз Имангазиевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин жактырды.
Маселе бүгүн, 8-сентябрда өткөн комитеттин жыйынында каралды.
Талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жыйынтыгында комитет Алмаз Кулубекович Имангазиевди министр кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин жактырып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.