www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылып, Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларды атып жок кылгандарга карата ири өлчөмдөгү айып пулдар каралган.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин инспекторлору мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу максатында күтүүсүз текшерүүлөрдү жана ыкчам рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп турушат.
Кызыл китепке кирген жаныбарларды мыйзамсыз аткандар үчүн төмөнкүдөй айып пулдар белгиленген:
Илбирс – 2 миллион сом;
Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен – 1,5 миллион сом;
Кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн – 50 миң сом.
Министрлик жакында Суусамыр өрөөнүндө мыйзамсыз атылган кийиктин этин бышырып жаткан жеринен браконьер кармалып, аталган факт боюнча материалдар тергөө органдарына өткөрүлгөнүн эске салды.
Ошондой эле жарандар мыйзамсыз аңчылыкка байланыштуу фактылар тууралуу министрликтин 108 ишеним телефонуна кабарлап турууга чакырылды.
Ведомство билдиргендей, маалымат берген адамдардын купуялуулугу сакталат.
«Жаратылышты бирге сактайлы!» – деп кайрылышты министрликтен.