www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн “Переброс” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө алдамчылыкка шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, мурда тааныш болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну автоунаа сатып алуу-сатуу шылтоосу менен жалпы 1 млн 225 миң сом алып, каражатты кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Бишкек шаарынан аныкталып кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.