www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги (ЕБ) деңизде эркин жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Иранга каршы биринчи жолу чектөө чараларын киргизет.
Бул жөнүндө Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кайя Каллас ЕБге мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин бейформал жолугушуусуна келген учурда билдирген.
Анын айтымында, жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Кызыл деңизде жүргүзүлүп жаткан ЕБнин Aspides деңиз операциясы талкууланат.
«Албетте, биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана ЕБнин Aspides операциясын талкуулайбыз. Бүгүн ошондой эле деңизде эркин жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Иранга каршы биринчи жолу санкциялар киргизилет», - деп белгиледи Каллас.