www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мал эмдөө башталды

Кыргызстанда мал эмдөө башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, жазгы эмдөө иштерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакциналар жана жылкылардын маңка ылаңына каршы диагностикумдар жер-жеринде таратылып берилди.

Аталган вакциналар мамлекет тарабынан бекер камсыздалат, мал ээлери жеке ветеринардык адистин кызмат акысын гана төлөйт. Жеринде эпизоотияга каршы бекитилген пландын негизинде жазгы эмдөө, диагностикалык иш-чаралар жүрүп жатат.

Мындан сырткары, зооноздук ылаңдарга каршы калк арасында агартуучулук иштерди жүргүзүү максатында, медициналык кызматкерлер менен биргеликте мектептерде, бала бакчаларда семинарлар, окутуулар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2023-жылдын 12 айында республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар жалпы 24 762,9 миң баш малга жүргүзүлдү, анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (жана башка изилдөөлөр) 1 209,6 миң башка, алдын ала эмдөөлөр 22 955,4 миң башка, дегельминтизация 597,9 миң баш же болбосо 2023-жылга бекитилген план боюнча иштер 100%га аткарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости