www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пулдун көлөмүн 1500 сомго чейин көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу министрликтин мамлекеттик социалдык төлөмдөр жөнүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы "Кабар" агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча 16 жашка чейинки 192 миң 218 бала, же 53 миң 680 үй-бүлө жөлөк пул алат.

"2018-жылы жөлөк пулдун көлөмү бир кыйла аз болчу. Анда азык-түлүктүн баасы да арзан болуп, жөлөк пулдун көлөму 810 сомду түзгөн. Ошондон бери акырындап көбөйтүлүп, бүгүнкү күндө бир балага 1200 сомду түзөт.

Алыскы жана тоолуу райондордо жашаган балдар үчүн башка коэффициент каралган. Ошондой эле биздин министрлик тарабынан жөлөкпулдун өлчөмүн 1500 сомго чейин жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыккан. Учурда ал башка түзүмдөр менен макулдашуу процессинен өтүп жатат", - деп белгиледи ал.

Последние новости