www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Альпинизм жөнүндө" мыйзамынын долбоору коомдук бүгүн коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбоорун депутат Эмил Токтошев демилгелеп жатат.
Эл өкүлүнүн айтымында, иштелип чыккан "Альпинизм жөнүндө" мыйзамдын долбоорунун максаты жана милдети бийик тоолорго чыгуунун катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу, бийик тоодогу жолдорго чыгуунун ачык тутумун түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо, Борбордук Азиядагы альпинизмдин борбору катары өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу саналат.
Эмил Токтошев белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстанда альпинизм жана тоо туризминин активдүү өнүгүүсү байкалууда, бул аталган чөйрөнү укуктук жөнгө салууну талап кылат. Тоо чокуларына чыгуулар кеңери кулач жайып жаткандыгына карабастан, ушул убакка чейин альпинизм чөйрөсүндөгү мыйзамдар дагы эле жетишсиз, бул коопсуздук, экологиялык жоопкерчилик жана пермит алуу маселелеринде укуктук боштукту жаратууда.
Альпинисттердин тоого чыгуу коопсуздугун камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында альпинизм чөйрөсүн жөнгө салуучу адистештирилген мыйзамды кабыл алуу зарыл.
"Альпинизм жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы бул чөйрөдө натыйжалуу укуктук жөнгө салууну камсыз кылып, альпинизмди активдүү жана тоо туризминин багыттарынын бири катары өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшөт. Мыйзам альпинизм боюнча уникалдуу аймак катары республикага болгон кызыгуунун өсүшүнө, жергиликтүү калк үчүн шарттарды жакшыртууга, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге кирешелерди көбөйтүүгө дем берет, ошондой эле табигый жана тоолуу аймактарды коргоого көмөк көрсөтөт", - дейт депутат.
Мыйзам кабыл алынса, альпинизмдин коопсуз жана туруктуу өнүгүүсү үчүн мыйзамдуу жанаа укуктук шарттарды калыптандырууну, альпинисттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жана көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жогорулатууну камсыз кылат.
Ошол эле учурда альпинизмди өнүктүрүү, табыгый чөйрөнү сактоо жана альпинизм иш-чараларынын катышуучуларынын коопсуздугунун кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга, ошондой эле инвестиция тартууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Альпинисттерге жол берүү жана аларды каттоонун ачык-айкын механизмдери тоого чыгуунун катышуучуларынын ишеним деңгээлин жана укуктук корголушун жогорулатат. Мыйзам экологиялык жоопкерчиликтүү альпинизмди колдоого жана өлкөнүн уникалдуу жаратылыш мурастарын сактоого багытталган. Айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн мыйзамда бийиктиги 6000 метрден ашкан тоо чокуларына чыгууга пермит алуу каралган.
Мындай бийиктиктерге чыгууга милдеттүү түрдө пермит алуу мамлекеттик органдарга альпинисттердин каттамдарын көзөмөлдөөгө жана зарыл болгон учурда кар көчкү коркунучуна, аба ырайынын катаал шарттарына, кычкылтектин жетишсиздигине жана татаал логистикага байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Бийик тоолуу райондор өзгөчө аярлуу экосистемасы менен айырмаланат. Массалык жана контролдонбоочу жетүү аймактардын булганышына жана жаратылыш ландшафттарынын бузулушуна алып келди. Уруксат берүү тутуму антропогендик түйшүктү чектөөгө, альпинисттердин агымын контролдоого жана экологиялык туруктуу альпинизмдин принциптерин ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Уруксат берүүдөн түшкөн акча каражаттар инфратүзүмдү (тоо лагерлерин, жалгыз аяк жолдорду, байланыш тутумдарын) өнүктүрүүгө, куткаруу операцияларын каржылоого жана табигый аймактарды коргоого жумшалышы мүмкүн. Бул альпинисттердин жигердүүлүгү жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана тоо табиятын сактоого түздөн-түз салым кошкон туруктуу моделди түзөт.